Москва районунда мамлекеттик дарыкана ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-сентябрда Чүй облусунун Москва районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыкана калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында Беловодск айылындагы райондук жалпы дарыгердик практика борборунда ачылды. Анын ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, райондун акими Ниязбек Козуев жана дарыгерлер катышты. Министр бул мекеме өлкөдө ачылган 87чи мамлекеттик дарыкана экенин айтты. «Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларында дарылар арзандатылган баа менен сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️