Москва районунда куураган чөптөн 23 өрт кырсыгы катталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда 2024-жылдын январынан бери (7 айда) 55 өрт кырсыгы катталса, анын ичинен 23 өрт куураган чөптөрдөн чыккан. Бул тууралуу райондук ӨКБдан билдиришти.

«Райондо 5 айыл аймагы жайгашкан. Анда 7 айда 55 өрт кырсыгы катталып, анын ичинен 23ү куураган чөптөрдөн чыккан. Райондук ӨКБ ар дайым рейд өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Ошондой болсо да, жергиликтүүлөр өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча эрежелерди сакташпайт. Маселен, 16-июлда түнкү саат 22:30 чамасында Беловодск айылындагы көрүстөндөн чыккан өрт куураган чөптөрдү оруп, көрүстөндүн жанына таштап кеткенден да пайда болгон», — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге имараттардын, бак-дарактардын, айыл чарба жерлеринин жанында куураган чөптөрдү жана таштандыларды таштабоо, өрттөбөө, эгер өрттөө зарылчылыгы болсо, шамалдын багытын эске алуу жана толук күйгөн соң, өчүрүү керектигин белгилешти.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️