Москва районунда касапкананын ээси менен журналисттер бири-биринин үстүнөн арыз жазышты

TurmushМосква районунда журналисттер менен касапкананын кызматкерлеринин ортосунда чыккан чыр иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Чүй ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1-апрелде милицияга журналисттер менен касапканалардын биринин кызматкерлери урушуп жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Ал жерге барып, аталган факт каттоого алынган. Милиция келгенден кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын 3 өкүлү арыз жазган. Арызда касапкананын ээси алардын видеокамерасы менен флеш-картасын тартып алгандыгы айтылган.

Ошондой эле арыз менен касапкананын ээси да кайрылган. Ал касапкананы мыйзамсыз видеого тартып жаткан журналисттерге карата чара көрүүнү суранган.

Учурда милиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️