Москва районунда доллардын баасы 80 сомго түштү

TurmushБүгүн, 31-мартта Чүй облусунун Москва районунда доллардын баасы 80 сомго түшүп, рубль 0,92 тыйынга көтөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, райондогу акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда күн санап доллардын баасы түшүп, рубль көтөрүлүүдө.

Доллар сатып алуу 80 сом жана сатуу 82 сом болду. Ал эми рубль сатып алуу 0,92, сатуу 1 сом 05 тыйынды түздү.

Бирок, базарда азык-түлүктөрдүн баасынын төмөндөгөнү байкалбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️