Пример HTML-страницы

Москва районунда арыктагы сууда помидорлор агып, көлмөлөр кызыл түскө боёлду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында арыктагы сууда помидорлор агып, көлмөлөр канга толгон сыяктуу абалда болгонуна жергиликтүүлөр нааразы болушууда. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди.

«Биздин айылда консерва даярдоочу цех иштеп жатат. Ал жер мурда тоок кармоочу ферма болгон. Анын консерва даярдоочу жайга айланганын айылдыктар мыйзамсыз деп эсептеп келишет. Кимден уруксат алгандыгы жана кандай документтери бар экендиги да белгисиз. Биз ал жайдын иштеп жатканына деле каршы эмеспиз. Бирок, арыктагы суудан помидорлор агып, көлмөлөр кыпкызыл түскө боёлуп, кан толгонго окшошуп турганы жакшы көрүнүшпү? Бул ички жолдо мектеп да бар. Балдар күн сайын ал көрүнүшкө күбө. Бала кыялы башкача эмеспи. Эгер кимдир бирөө ошол арыкта аккан помидорду жеп алса, анда кандай болот? Көлмөдөгү суудан малдар ичсечи? Бул аз келгенсип, күн ысыкта көлмөдөн сасык жыт да чыга баштады. Ал айылды аралап, жугуштуу ооруларды таркатсачы? Кыскасы, тез арада бул маселени тиешелүү жетекчилер жөнгө салбаса, жашообузга терс таасирин тийгизерине шек жок», — деп нааразы болушууда айыл тургундары.

Мындай жагдай боюнча райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан: «Элдин койгон талабы туура. Биз ал консерва даярдоочу жайга барып, көзөмөл жүргүздүк. Алардын ишмердүүлүгү биздин талаптарга жооп бербейт. Алар тийиштүү мекемелер менен макулдашылган эмес жана ишмердүүлүгү мыйзамсыз. Цех курулган жер тилкеси мурда тоок кармоочу жай болгон. Андан сарайлар, чатырлар, таштандылар калган. Ошондой эле жер тилкеси трансформациядан өткөн эмес. Цехтин кампасындагы даяр консерва азыктары бадыраң жана томат коопсуздук боюнча маселеси, тактап айтканда ботулизм оорусу боюнча чоң тобокелчиликти алып келет», — деп билдиришти

Ал эми Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсулдаев: «Бул жер жеке менчикке берилген. Анын жалпы аянты 4,6 гектар. Анын 3,3 га жери Биринчи май айыл аймагына, 1,3 га аянты Петровка айыл аймагына карайт. Бизге караган аянттын 1,1 гектары мыйзамдаштырылган. Ал эми 20 сотых жер тилкеси учурда транформациялоого даярдалдууда. Мындан сырткара арыктагы сууда помидорлор агып жатканы жана көлмөнүн абалы боюнча көзөмөл күчөтүлүп, тийиштүү иш-аракеттер көрүлүп жатат», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE