Пример HTML-страницы

Москва районунда «Алтын тамга» аттестатына ээ болгон Плаксина Кристина ноутбук менен сыйланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКелечекте котормочу болуунун самаган Чүй облусунун Москва районундагы Петровка жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Плаксина Кристина ноутбук менен сыйланды. Бул тууралуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсульдаев билдирди.

ААРден кийин жаңы аталыштагы Төрт-Гүл айыл өкмөтү түзүлгөн.

«Айыл аймагыбызда 5 жалпы билим берүүчү орто мектеп бар. Анда үстүбүздөгү 2023- 2024-окуу жылында 134 бүтүрүүчү 11-классты аятап жатат. Алардын ичинен эң мыкты окуучубуз Плаксина Кристина «Алтын тамга» өзгөчө үлгүдөгү аттестатына ээ болду. Биз аны акыркы коңгуроо салтанатында ноутбук менен сыйладык», — деди айыл өкмөт башчысы.

Ал эми Плаксина Кристинанын айтымында, ал эл аралык жогорку окуу жайынан билим алып, келечекте котормочу болууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE