Пример HTML-страницы

Москва районунда «Алтын тамга» аттестатына ээ болгон 3 бүтүрүүчү акимдин кол сааты менен сыйланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 24-майда Чүй облусунун Москва районунда «Алтын тамга» аттестатына татыктуу болгон 3 бүтүрүүчү ардак грамота жана акимдин атынан кол саат менен сыйланды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мунара Мамаджанова билдирди.

Райондо 32 жалпы билим берүү орто мектептер бар.

«Үстүбүздөгү 2023-2024-окуу жылында билим берүү тармагында көптөгөн жетишкендиктер жаралды. Алардын бири 3 бүтүрүүчүбүз республикалык «Алтын тамга» өзгөчө үлгүдөгү аттестатына татыктуу болду. Алар: №1 Ак-Суу орто мектебинин бүтүрүүчүсү Элнура Курманбекова, Н.Мирошниченко орто мектебинин бүтүрүүчүсү Юшта Дарья жана Петровка орто мектебинин бүтүрүүчүсү Плаксина Кристина. Алар райондук берүү бөлүмүнүн башчысы Мээрим Аширбаеванын, мектеп директорлорунун жана ата-энелеринин катышуучусунда райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы жана райондун акими Ниязбек Козуевдин атынан кол саат менен сыйланды.

Ал эми эртең, 25-майда 32 орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты мерчемделген убакытта өтөт. Балдардын коопсуздугу үчүн 60тан ашык тартип сакчылары менен биргеликте мектеп жетекчилери, мугалимдер күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүшөт», — деди акимдин орун басары.

Райондо 9-классты 2054, ал эми 11-классты 694 бүтүрүүчү аяктап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE