Пример HTML-страницы

Москва районунда абактагы 16 жаран нике күбөлүгүн алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында 2024-жылдын 5 айында (январь-май) 73 адам жарандык паспорт менен камсыздалып, 16 адамга нике күбөлүгү берилди. Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык 08-04 бөлүмүнөн билдиришти.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 түзөтүү колониясы ААРден кийин жаңы аталышка ээ болгон Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Петровка айылында жайгашкан.

«Мыйзам чегиндеги иш-аракеттердин негизинде өткөн 2023-жылы Петровкадагы №8 түзөтүү колониясында абактагы 65 жаранга паспорт берилип, 15 адам нике күбөлүгүн алышкан. Ал эми 2024-жылдын 5 айында (январь-май) 73 адам жарандык паспорт менен камсыздалды. Ошону менен бирге 16 адам нике күбөлүгүн алышты», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE