Пример HTML-страницы

Москва районунда 73 жаштагы Гүлзия Табалдиева бир айда кулпунайдан 100 миң сом пайда тапты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Москва районунда 73 жаштагы ардагер Гүлзия Табалдиева 10 сотых жерге өстүргөн кулпунайын сатып, бир айда 100 миң сом таза киреше тапты. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен жаңы аталыштагы Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Аң-Арык айылынын 73 жаштагы ардагеримин. Балдарым менен өз корообуздагы 10 сотых жерге кулпунай өстүргөнбүз. Быйыл кулпунайдын түшүмдүүлүгү жогору болду. Албетте, ал үчүн тынымсыз эмгек да керек. Ар түбүн бирден колдон өткөрүп, убагында суу берип туруу зарыл. Эгер каралбай калса, чөп басып, жамгырда боз сары түшүп кетет. Боз сары оорусу — кулпунай нымдуу жайда көпкө жатып калса, бир жак тарабы сары- боз түскө айланып, чирий баштайт. Аларды башка кулпунайга таасири тийбеш үчүн үзүп салуу ыңгайлуу. Ошентип, купунайды жетилтип, Беловодск айылындагы борбордук базарда бир айдан бери килограммы 250 сомдон сатып жатам. Эсептей келсем, 100 миң сомдой таза киреше таптым. Бул балдарым менен биргеликте тапкан пайдам. Эми 150 сомдон алча да сатуудамын», — деди ал.

Ал эми айрым соодагерлер да сөзгө кошулуп, учурда көп сатылып баштаган лилия гүлү жөнүндө да айтып өтүштү. Алар бийиктиги 60 сантиметрге жакын тамыры менен бир түбү 150 сомдон сатылып жаткан көп жылдык лилия гүлүнүн өзгөчөлүгүн белгилешти.

Учурда райондун базарында алча 150-200, өрүк 200, помидор 110, бадыраң 60, жүрөгү 25 сомдон сатылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE