Москва районунда 1916-жылы курман болгондорду эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, эскерүү күн борбордук мечитте белгиленди. Ага акимдин биринчи орун басары, айыл өкмөттөрүнөн, мекеме-уюмдардан жана жергиликтүү тургундар катышты.

Алар борбордук мечиттеги эстелик ташка гүл коюшуп, куран окушту.

Эстелик ташта: «Шейиттер: Бул жерде 1916-жылы августта Ак падышанын колониалдык саясатына каршы чыккан 517 кыргыз өзгөчө мыкаачылык менен өмүрлөрү кыйылган. 1991-жылы «Ак-Суу» мусулмандар коому мечит куруу демилгесин көтөрүп, түптөгөн», — деген жазуулар чегилген.

Мечит курулганына 33 жыл, ал эми Ак падышанын колониалдык саясатына каршы чыгып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 517 кыргыз жаранына август айында 108 жыл толду.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️