Москва районунда 13 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-июнда Чүй облусунун Москва районунда мамлекеттик жана мунициалдык кызматкерлердин күнү белгиленди. Анда 13 кызматкер ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өттү. Ага айыл өкмөттөрдүн, мекеме-уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери жана башкалар катышты.

Салтанатта маданият кызматкерлери өнөрлөрүн тартуулап, аким Ниязбек Козуев райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана аймактарды өнүктүрүүдө коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн 13 кызматкерге райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасын тапшырды.

Алар:

Пример HTML-страницы

1. Мунара Мамаджанова, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;

2. Жаныбек кызы Нурайым, райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, иш кагаздарын жүргүзүү жана кадр маселеси боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

3. Омырбек уулу Мирлан, райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүгүү секторунун башкы адиси;

4. Нурбек Тургунов, райондук өнүктүрүү фондунун директору;

5. Хажиев Фархат, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;

6. Сыймыкбек Эгемкулов, Нарзан айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо столунун инспектору;

7. Дина Курганова, Нарзан айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси;

8. Айпери Чынгышбаева, Нарзан айыл өкмөтүнүн экономист-статисти;

9. Назира Болысбаева, Төлөк айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөсү адиси;

10. Медер Бейшенбаев, Төлөк айыл аймагындагы Маловодный айылынын айыл башчысы;

11. Болот Жузупов, Төлөк айыл аймагындагы Кыз-Моло айылынын айыл башчысы;

12. Марс Калиев, райондук суу чарба башкармалыгынын Ак-Суу гидробөлүмүнүн 1- категориядагы техниги;

13. Үпөл Оробаева, райондук суу чарба башкармалыгыгынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️