Москва районунда 12 айым «Баатыр эне» орденин, 2 айым «Эне даңкы» медалын тагынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-сентябрда Чүй облусунун Москва районунда 12 айымга «Баатыр эне» ордени жана 2 айымга «Эне даңкы» медалы тапшырылды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, сыйлык тапшыруу аземине район жетекчилиги, айыл өкмөттөрдүн башчылыры, көп балалуу энелер катышты. Салтанатта маданият кызматкерлери жана «Ак-Суунун ак элечек айымдары» тобу өнөрлөрүн тартуулап, окуучулар эне жөнүндөгү поэзия саптарын көркөм окуп беришти.

«Баатыр эне» ордени менен сыйлангандар:

1. Айнур Акматова, Ак-Суу айыл аймагынын тургуну, үй кожейкеси;

2. Назгүл Бейшекеева, Ак-Суу айыл аймагынын тургуну, үй кожейкеси;

Пример HTML-страницы

3. Мадина Багиева, Александровка айылынын тургуну, үй кожейкеси;

4. Халима Ляляза, Александровка айылынын тургуну, үй кожейкеси;

5. Сагынычкан Касымбекова, Беловодск айылынын тургуну, үй кожейкеси;

6. Татьяна Никитенко, Беловодск айылынын тургуну, үй кожейкеси;

7. Элмира Айсариева, Беш-Терек айылынын тургуну, үй кожейкеси;

8. Дилбаро Жентаева, Беш-Терек айылынын тургуну, үй кожейкеси;

9. Мархабо Турдалиева, Беш-Терек айылынын тургуну, үй кожейкеси;

10. Хошия Хайдарова, Беш-Терек айылынын тургуну, үй кожейкеси;

11. Медина Садыралиева, Петровка айылынын тургуну, үй кожейкеси;

12. Рано Кенжаева, Кыз-Моло айылынын тургуну, үй кожейкеси.

«Эне даңкы» медалы менен сыйлангандар:

1. Гульбахар Нарматова, Беловодск айылынын тургуну, үй кожейкеси;

2. Рахима Булазова, Александровка айылынын тургуну, үй кожейкеси.

Буга чейин райондо 326 айым «Баатыр эне» орденин, 35 айым «Эне даңкы» медалын тагынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️