Москва районун коррупционерлерден тазалап берүүнү суранышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Чүй облусунун Москва районунун тургундарынын жолугушуусу болуп өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов, Москва районунун акими Ниязбек Козуев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов , мекеме-түзүмдүн жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Жыйында Төмөн-Суу айылынын тургуну Бекболот Усенбаев айылдык маданият үйүнүн жана китепкананын көйгөйү жөнүндө маселе көтөрдү.

«Ак-Суу айыл аймагынын Төмөн-Суу айылында 1965-жылы курулган айылдык маданият үйүнүн имараты бар. Анын кулап түшкөнүнө 12 жыл болду. Андан бери бир нече айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алмашты. Бирок бири да үн катпайт, реакция кылбайт. Маданият кызматкерлери да жок. Айылда маданият үйү болбогон соң ар түрдүү кечелер, оюн-зоок иш-чаралар өтүлбөйт. Ошондуктан жаштарыбыз спирт ичимдиктерин ичет, тамеки чегет, көчө таптайт. Айылда китепкана да бар болчу. Азыр ал да жок», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Ошол эле айылдын тургуну коррупция боюнча маселе көтөрдү.

«Райондо парк, жол жана башка социалдык бир топ маселелер чечилип жатат. Жакшы жактарды да көрө билүү керек. Азыркы бийлик көп нерсени жасап жатат. Ага ырахмат. Бирок бул жерде жерлерди сатып, коррупцияга аралашкан адамдар да отурат. Алар өз көйгөйлөрүн гана айтышууда. УКМК барбы? 13 «спецназыңызды» алып, Москва районун дагы тазалап бергилечи. Ошолорду кустуруп, дагы өнүгөлү», — деди жашоочу Урманбетов.

Мындан сырткары, Нарзан айыл аймагынын Кош-Дөбө айылынын тургуну Юсуп Китаев райондун борбору Беловодск айылындагы маданият үйү көп жылдан бери талкаланып, селсаяктардын түнөгүнө айланганын жана калкты газ менен камсыздоо ишке ашпай жатканын билдирди.

Ал эми Мураке айылынын тургуну Таалай Мамакеев дотациядан чыгып, кайра дотацияга кирген Ак-Суу айыл аймагындагы жер, социалдык объектилер боюнча маселе көтөрдү.

Жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин айрымдары жеринде чечилсе, кээ бирлери тиешелүү жетекчилерге жолдонду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️