Turmush — Айтматов районунун Бакыян айылынын 53 жаштагы тургуну Мирланбек Эшимканов аары багып, бал өндүрүү менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, быйыл 3 тонна бал жыйналды.
«Кичинемден эле аары бакканга кызыгып, аалгач Казакстанда тажрыйба алып, иштеп жүрдүм. Костанайда 2 жыл иштеп, анан келип өзүм туулган Бакыян айылында аары бага баштадым. 2005-жылы «Аары ширеси» деген ишкерчилик баштадым. Жалаң ушул балдын натуралдуулугун, балдын сапатына басым жасап, аарыларды изилдеп баштагам.
2022-жылы Өзгөн районунан 100 бал челек, Германиядан 10 «элитный» эне аарысын алдырдым. Алар карника породадагы аарылар. Бал алыш үчүн бат-бат жер которуп турабыз. «Элитный» эне аарысынан «Е 1» эне аарысын чыгарабыз. Башкалардан айырмасы бир бал челектен 50-60 кг бал берет. Бир «элитный» эне аарысын 15 миң 500 сомдон алгам. Жөнөкөй аарылар 25 кг бал берет. Айрымасы абдан чоң.
Аарылар эне аары, эркек аары, жумушчу аары болуп 3кө бөлүнөт. Жумушчу аарылар өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн 50% чейин жогорулатат. Мисалы, Костанайда бал өндүргөндө гречка талааларында отурчубуз. Гречка талаалары 2 айдан ашык гүлдөйт. Гречканын балын Россияга экспортко жөнөтчүбүз. Ал эми бизде эспарцет талааларында отурабыз. Бизде 25 күн гана гүлдөйт. Гүлдүн нектарын чогултууга убактылары аз болуп калат.
Азыр Ат-Башынын балы абдан суроо талапка ээ. Биз дагы Таластын балын дүйнөлүк рынокко чыгарсак деп, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. 2015-2016-2017-жылдагы Кара-Кулжа районунда балчылардын фестивалына катышып, балды «упаковкалоо» дипломун утуп келгенбиз. Андан тышкары дагы көп байгелерди алып келебиз.
Балдын 1 кг 500 сом сатылат. Быйыл 3 тонна бал жыйналды. Жылдык киреше 1 млн сомдон ашык болот. Бирок аларга дагы көчүрүүгө, алардын тамагына дагы бир топ чыгымдары болот. Кышында аарыларга өзүнүн балын таштап коёбуз. Аларды жылуулап, кыш мезгилине даярдык көрөбүз», — деди ал.
Балчы 2 кыз, 1 уулдун атасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.