Пример HTML-страницы

Мирлан Бакиров «Алай» футболдук клубунун директору болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushМирлан Бакиров «Алай» футболдук клубунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.

ФКнын мурдагы директору башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кадрдык өзгөрүүлөр болду. Буга чейин бул кызматты Кабылбек Укулов ээлеп келген.

Мирлан Бакиров футболдук клубдарда, ошондой эле футзал командаларында ойноп, муниципалдык ишканаларда иштеген.

________

«Алай» футбол клубу 1960-жылы негизделген. Андан бери клуб аталышын көп жолу өзгөрткөн. Клуб «Алай» аталышын 2002-жылы алган.

«Алай» өз жериндеги беттештерин 12 миң көрүүчүгө ылайыкталган А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо өткөрүп келет.

Ош шаарынын 2023-жылга бюджетинин долбоору каралып жатканда Ош шаарынын «Алай» футболдук клубуна жана Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионго 70 миллион сом өлчөмүндө субсидия берилери белгилүү болгон.

Футболдук клубдун негиздөөчүсү Ош шаарынын мэриясы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE