Мира Узакбаеванын чыгармачылыктагы тушоосун «Досум Үсөн» тобу кескен

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Мира Узакбаева көп жылдан бери балдар, кыздарга бий үйрөтүп келет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына бийдин ден соолукка пайдасы тууралуу айтып берди.

Мира Узакбаева 1972-жылы Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылында туулган. Анын маданият тармагындагы тушоосу легендарлуу «Досум Үсөн» элдик эстрадалык тобунда кесилген.

«Айылда 1-класста окуп жатканда «Досум Үсөн» элдик эстрадалык тобунда «Карагат» деген ырды ырдап чыккам. Ошондон тарта ырга, бийге болгон кызыгуум артып баштады. С.Байдуев агайыбыздын балдарга чыгарган ырларын кыяк менен эстрадага салып, ырдап жүрдүм. Бийлегенди да жакшы көрчүмүн. Мындан улам кичинемден ырчы, бийчи болом деп кыялданчумун», — дейт ал.

Бала кездеги кыялын орундатуу үчүн Каракол шаарына келип, музыкалык билим алган.

«Атам бизге комуз чертип берип, бизге да черткенди үйрөттү. Балалыгыбыздан кыргыз күүлөрүн угуп чоңойдук. Ата-энебизден ушул талант калды десем болот. Апам шайдоот, шайыр киши эле.

Пример HTML-страницы

Чоңойгондо Каракол шаарынын музыкалык окуу жайына тапшыргам. Анда студенттик күндөн тартып, Ак-Суунун ансамблине барып-келип катышып турдум. Жумабек байке менен Элнура эже бийлегенди үйрөттү. Ошол кезде Такен Шаршеевич Бишкек шаарынан келип, бий койчу эле. «Шыгың бар экен тапшырып оку» деп, мага дем берген», — дейт ал.

Учурда ал Каракол шаарында балдарга бий өнөрүн үйрөтүп келет.

«Азыркы учурда балдардын бийге кызыгуусу күчөдү. Бий өнөрүн үйрөнүү оңойго турбасын ата-энелер дагы түшүнө баштады. Окуучулар көбүнчө башталгыч сколиоз, вальгус, плоскостопия (сөөктөрдүн кыйшаюуусу, май таман) менен келишет. Аларды гимнастика, өзүм иштеп чыккан программа менен машыктырып, жыйынтыктары жакшы. Ооруну алдын алуу үчүн балдарды эртерээк гимнастикага, бийге берүү керек. Бийге келген балдар чыйрак болушуп, анча-мынча сасык тумоо менен оорушпайт. Балдар бийге калтырбай келишет», — дейт ал.

Бийден сырткары балдарга адамдык сапаттарды үйрөтөөрүн айтат.

«Эң негизгиси жеке бий өнөрү менен эле эмес, кыздарымды адамдык жакшы сапаттарга тарбиялайм. Улууну сыйлоо, тыкандык, өздөрүн эл арасында туура алып жүрүү. Андыктан адептүүлүккө жана тартипке көбүрөөк басым жасайм. Биздин кыздар чыдамкай, тартиптүү, жашоого тың кыздар болуп чоңоюшуна аракет кылам» — дейт ал.

Бүтүрүүчүлөрүнүн арасында сыймыктанган улан-кыздары бар экенине токтолду.

«Мугалим үчүн балдарынын турмушта, чыгармачылыкта өз ордун таап кетиши маанилүү болуп калат экен. Учурда менин өнөрүмдү улантып кеткен бүтүрүүчүлөрүм менен сыймыктанам. Алардын ар бир жетишкендигине кубанам. Устат үчүн мындан артык сыйлык жок деп ойлойм. Окуучум Турат Мусаев азыркы учурда өзүнүн бий тобун жетектейт. Махабат Субанбаеванын да өзүнүн бий тобу бар. Окуучуларым бүтүп кеткенден кийин бий ансамблдеринде эмгектенип жана окуп жатышат. Булардын ар биринин эмгеги мага баалуу.

Биздин бий ансабль көптөгөн сынактарды багынтты. Алматы шаарында өткөн эл аралык бий сынагында баш байгени жеңдик. Жети-Өгүз ыр ышкыбоздору конкурсунда баш байгени алдык. Ташкент шаарында эл аралык конкурсунда 1-2-орунду ээледик. Ошондой эле борборубуз Бишкек шаарында көптөгөн сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келебиз.

Бий өнөрү менен көптөгөн мамлекеттерди көрдүм. Эң биринчи Москва шаарына баргам. Андан кийин Түркия, Ливия, Франция, Кытай мамлекеттерине гастролго барганбыз. Окуучуларым менен Ташкент, Алматы, Анкара, Конья, Стамбул шаарларында болуп келдик», — деди Мира айым.

Келечекте кыргыз маданиятын мындан да өнүктүрсөм деген тилеги бар.

«Балдарды эл аралык конкурстарга алып барып, байгелүү орундарды багындырсак деп аракет кылам. Маданий долбоор тартып, окуучуларым көрө элек мамлекеттерге жиберсем деп ойлойм. Башкысы кыргыз бийин өнүктүрүп, биздин маданиятыбызды башка мамлекеттерге көргөзүү», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул эмгектери бааланып, «Эл сыймыгы», «Жети-Өгүз элинин сыймыгы», «Кылымдын баатыры алтын жылдыз» ордендерине, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисине ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️