Turmush — Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун Чили-Сай аймагындагы көпүрө 100 жыл кызмат кылат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов билдирди.
Көпүрөнүн ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ноокат райондук администрациясынын жетекчилиги, Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов келди.
Минкаб төрагасынын орун басары жаңы курулган көпүрөнү көрүп чыкты. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жергиликтүү тургундар ыраазы экенин билдирди.
Аталган көпүрө 2024-жылдын июнь айында селдин кесепетинен бузулган. Көпүрө сел жүргөнгө чейин эл авариялык абалда болгон. 5 жылдан бери тургундар анын жанына курулган убактылуу көпүрө аркылуу өтүп жүрүшкөн.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нурлан Сулаймановду жумуш убагында бүткөрүлгөнү үчүн мактады. Анын айтымында, жумуштар башталганда курулуш иштери убагында бүтөрүнө ишенген эмес.
«Эң жаман жери, сел келе берип, жер астыган түшүп кеткен», — деди ал.
Сулайманов бургулоо иштери жүргүзүлүп, тирөөчтөр 15 метр тереңдикке орнотулганын билдирди.
«100 жылдап турган көпүрө болду», — деди Сулайманов.
Turmush 2024-жылдын 28-июнундагы нөшөрлүү жаандан кийин сел жүрүп, сел агымы Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы темир бетон түтүккө батпай, көпүрө кулап калганын жазган.
Жаратылыш кырсыгы учурунда унаа жолдун 43-чакырымында жайгашкан Чили-Сай көпүрөсү да жабыркаган. Бул көпүрө 1963-жылы курулган. Сел агымы суу буруучу каналга батпай, анын кесепетинен жол жабыркап, андан кийин көпүрө бузулган.
————————————————————
Найман көпүрөсү Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан. Turmush 2024-жылдын 30-июнунда көпүрөнү сел алып кеткенин жазган.
Бул көпүрө оңдолуп жатат.
Бул көпүрө Ош жанан Баткен облустарын байланыштырат.
Бүгүнкү күнгө чейин 2024-жылдын 28-30-июнь күндөрү болгон селдин кесепеттери жоюлуп жатат.
Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 10 адам — 7 бала, 2 аял киши жана 1 эркек киши көз жумган.
Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүрүп, жалпы 125 үй, 1 бала бакча, 1 мектептин короосун сел каптап, анын ичинен 3 үй авариялык абалга келип, 28 үйдүн ичине, жер төлөлөрүнө сел кирген. Ички чарбалык унаа жолдорду каптап, көпүрөлөр жараксыз абалга келип, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. 26 баш бодо мал, 15 баш майда жандык, 10-15 электр мамысы селге агып кеткен. 4 көпүрө жараксыз абалга келген.
«Абшыр-Ата» эс алуучу жайына барган ички чарбалык унаа жол жабылган. Селдин кесепетинен унаа жолдор жараксыз абалга келгенине байланыштуу «Абшыр-Ата» эс алуучу жайында болжол менен 1400гө жакын адам, ал эми Кезарт жайлоосунда 150 адам калып калган. 12 баш бодо малды сел агызып кеткен.
Ноокат райондук администрациясынын башчысы — акимдин буйругу менен 29-июнда Кулатов, Көк-Жар жана Жаңы-Ноокат айыл аймактарында өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланган.
Ноокат району Ош облусундагы калк эң көп жашаган аймактардын бири болуп саналат.
Ноокат району Кыргызстандагы калк жыш жайгашкан 3 райондун катарында. Биринчи орунда Кара-Суу району болсо, экинчи орунда Жалал-Абад облусунун Сузак району, ал эми үчүнчү орунда Ноокат району.
Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн эл каттоо боюнча, 2023-жылдын 1-январына карата Ноокат районунда 315 миң 11 адам жашайт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.