Пример HTML-страницы

Министрлер кабинетинин жаңы токтому базарда коробка чогулткандарга кесепетин тийгизип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМинистрлер кабинетинин токтому менен 1-августтан тарта Кыргызстандын аймагынан кагаз, картон, темир жана кара металдарды Евразия экономикалык биримдигинин аймагынан сыртка ташууга 6 айга убактылуу тыюу салынды. Ушундан улам аймактык кабарчы шаардагы кабыл алуу жайларында кагаздын баалары менен таанышып көрдү.

Шаарда акыркы 3 жылдан бери коробка чогултуп өткөргөн Кенже айымдын айтымында, баалар арзандады.

«Мен Ак-Тилек, Ак-Тилек+ базарларында картон, коробка чогултуп өткөрүп, бир аз каражат таап келем. Учурда бизден 3-5 сомго чейин арзан алып жатышат. Биздин чогултканыбыз өзүбүзгө тыйын тыпыр болсо, ал эми шаарга тазалык тартуулап турар эле. Андыктан бир эки сом болсо да, акчасын арзандатышпаса жакшы болор эле», — деди ал.

Мурун коробканын килограммы 8-10 сом болсо, учурда 5 сом. Ал эми жараксыз кагаз (макулатура) 10-15 сом болсо, учурда 8-10 сом.

Атын атагысы келбеген кагаз кабыл алуу жайынын кызматкеринин айтымында, убактылуу ташууга тыюу салынуу жергиликтүү кайра иштетүү тармагынын жанданышына салым кошууда.

«Мисалы, бизге деле чогултуп чет өлкөгө сатып жиберген оңой болчу. Аны менен бирге жакшы эле каражат түшчү. Бирок биз келечекти ойлошубуз керек. Эгер бардык кабыл алынган кагаз, целлофан, жараксыз кагаз (макулатура), баклашкелерди жеринде иштетсек, кичи заводдордо жумуш орду болот, салык түшөт. Андыктан азыр убактылуу гана кыйынчылык болууда. Бизге да дайым коробка алып келгендер «арзан алып жатасыңар» деп нааразы болуп жатышат. Аларга колдон келишинче түшүндүрүп жатабыз», — деди ал.

Учурда калаада чогулган жараксыз кагаздар Бишкек шаарына кетет. Ал эми кабыл алуу пункттары кабыл алган баклажка, целлофан өңдүү буюмдар облустун 2 жеринде кайра иштетиле баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE