Министрдин орун басарына андагы мүчүлүштүктөрдү көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун борборунда 82 млн сомго Таттыбүбү Турсунбаева атындагы орус тилдүү жалгыз мектеп гимназия капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул боюнча аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү активистер ал каражатка жаңы эле мектеп салып коюшса болмок деп оңдоп жаткандардын сапатын сындап жатышат.

Мектептин оңдоо иши өткөн жылдын башы менен башталып 1-сентябрда эле пайдаланууга берилмек. Бирок кыбыраган жумушчулар токтобой, арадан жыл өтсө да колдонууга берилбей келет.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысынын орун басары Бактияр Станбеков жана билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев мектепти жеринде көрүп, оңдоо иши менен таанышты. Анда мектептин көпчүлүк жериндеги полдору, тепкичтери жана плинтустары мурунку бойдон эле калган. Курулушчулар долбоорго алар кирбегенин шылтоо кылып, айрык тешик жана кыйшык жерлерин ошол бойдон калтырып, сырдап эле коюшкан.

Бул мектепте миңден ашуун окуучу кыргыз тилдүү Мидин Алыбаев орто мектебине тыгылып окуп келишет. Ал мектептин шарты жок. Ал эми жумушчулар «1 жума калды. Бүтүрүп 1-сентябрга ачабыз» деп жатышат.

Пример HTML-страницы

Мектепти оңдоо иштери «Шер-Курулуш» ЖЧК жүргүзүп жатат. Ал үчүн уюмдардын бири аркылуу 82 млн сом бөлүнгөн. Долбоор боюнча мектептин терезе, калга, жылуулук системасын алмаштырып, ичи-сыртын шыбап, сырдап чыгышмак.

Аталган мектептин маселеси Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев баштаган жетекчилер 5-августа Жумгал районунун тургундары менен жолугушкан учурда да айтылган. Анда Чаек айылдык кеңешинин депутаты Барчынбек Орозобеков 83 млн сомго мектепти оңдобой эле жаңы мектеп салып койсок болмоктугун айткан.

«Акыркы маселе Чаек айылында Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясында капиталдык оңдоо иштери болуп жатат. Аны 83 млн сомго тендерди бир фирма утуп алган. Элестетсеңиздер, Отунчу Ногойбаев орто мектеби башынан аяк 64 млн сомго жаңы салынды. Эми 83 млн сомго оңдоодон өткөн мектептин оңдоо ишин көрө кетсеңиздер, жөн эле чампалап койгон. Андан көрө нөлдөн салбайт беле. Ушуларды ким көзөмөлдөйт?», — деген Орозобеков.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Шер-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Джоробеков Чынарбек Абдылдаевич. Ишкана 2016-жылы 20-апрелде каттоодон өткөн. Компания башка топторго кирбеген курулуш-монтаж иштерин аткаруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️