Министр мектепте мугалимдердин тамак-ашын уюштуруу өтүнүчүнө катуу жооп кайтарды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусундагы август кеңешмесинде Жети-Өгүз районунун мугалими Гүлмира Акматова бир канча маселелер боюнча Билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендирбаевага кайрылды.

Анын айтымында, айлык көтөрүлгөнү менен пайызы салыкка кетип жатат. Ошондой эле, мектептерде медициналык кызматкерлердин штаттын ачууну айтты. Анткени сабак учурунда балдардын ар кандай оорулары болуп, талмасы кармап калган кездери да болууда. Аны менен катар музыка, эмгек, сүрөт сабактарынан атайын адис беришин суранды. Муну менен катар мугалимдердин тамак-ашы үчүн тамак сатуучу буфеттерди ачууну өтүндү.

«Толук кандуу иштеп, болгон каражатын ишке ашырсын десек, мугалимге да кам көрүү керек. Жогорку Кеңештин депутаттары төшүн койгулап, чоң трубиналарда ысык тамакты уюштурдук деп жатышат. Бирок 1-4-класстын окуучуларынан сырткары, 5-11-класстын окуучулары, мугалимдер деле адамбыз да. Биз деле чарчайбыз. Ар кандай маселе менен мектепке келебиз. Мугалимдердин тамагы үчүн буфет ачып койсо», — дейт Гүлмира Акматова.

Билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендирбаева салыкты мамлекет жое албастыгын, ал кайра мектептерге каржылоо болуп келип жатканын түшүндүрдү. Балдардын ден соолугун ошол аймакка бекитилген медайым кароо керектигин, ал эми сүрөт, музыка, эмгек сабактары 12 жылдык билим берүүдө тереңдетилип, адистик окууларда окутуларын айтты.

Пример HTML-страницы

«Сиз часовик болуп иштейсиз. Каяктагы тамакты сурайсыз? Коё туруңуз сүйлөшөлү. Сиздики ийкемдүү график. Анда терезелер бар (бош убакыт). Экинчиден бүткүл дүйнөдө ланч-бокс деген система бар. Сиз жаныңызга эки сындырым нан, эки алмаңызды сатып келсеңиз болот. Жанына термос көтөрүп жүрөт. Бул күлкү эмес. Мен шаардык мугалимдерге боорум ооруйт. Айылдын мугалимдерине 1500 сом акча (надбавка) кошулуп берилет. Шаардык мугалим таңдан кечке иштейт. 2-3 маал тамагын көчөдөн ичет. Шаардык мугалимде силердикиндей кошумча акча жок. Классында 45-50дөн ашык бала отурат. Ал 3 же 4 кичи автобус (пересадка) менен келет. Айлык маянасы силердикиндей эле. Түштөн кийин алар кошумча билим берүү менен алектенишет. Черчилдин «Иштегиси келбеген адам мүмкүнчүлүктөн шылтоо издейт (пессимисттер), ал эми оптимисттер маселеден мүмкүнчүлүк көрөт» деген сөзү бар. Бүгүнкү күндө мамлекет кимдерге шарттарды түзүүдө? Бул ата-энесинен ажыраган балдарга. Аларга 18 жашка чейин тамагын, кийимин да бекер берет. Биз мугалимдер шүгүр дешибиз керек», — дейт Доктуркүл Кендирбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️