Милициянын майору Бактияр кызы Нурзат Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күмүш медалдын ээси болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун ички иштер башкармалыгын кызматкери, милициянын майору Бактияр кызы Нурзат Астана шаарында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун «Алыш» бел боо күрөшү боюнча 2-орунду камсыздап, күмүш медалга ээ болду.

Бактияр кызы Нурзат мелдеште 65 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан. Алгачкы атаандашы Болгария өлкөсүнүн спортчусун 6:0 эсебинде жеңген. Андан соң голландиялык спортчу менен таймашка чыгып, 8:2 эсебинде уткан. Чейректик финалда казакстандык балбан кызды 6:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Финалда Өзбекстандын спортчусу менен беттешип, 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган.

Бактияр Нурзат кызы Көчмөндөр оюндарына төртүнчү ирет катышып жатат. 2016-жылы «Алыш» бел боо күрөшү боюнча 70 килограмм салмактагылар арасында 2-орунга ээ болгон. 2018-жылы 65 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду багындырган. Ал эми 2022-жылы Түркия мамлекетинде өткөн мелдеште 70 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду ээлеген.

Учурда Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн өздүк курам менен иштөө жана кесиптик даярдык боюнча бөлүмчөсүнүн улук тескөөчүсү кызматында эмгектенип келет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз курамасы 10 алтын, 13 күмүш, 15 коло байге алып, жалпы командалык эсепте 3-орунга жайгашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️