Милициянын капитаны Изатбек Зикировдун үй-бүлөсүнөн 5 милиция кызматкери чыккан 

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмүндө жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын улук инспектору, милициянын капитаны Изатбек Зикиров менен аймактык кабарчы баарылашты.

Ал 1989-жылы Жерге-Тал районуна караштуу Жаны-Шаар айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун атасы.

«2012-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктап, 2012-2013-жылдары Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасында кызмат өтөп, лейтенант наамын алдым. Ал эми Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмүндө 3 жылдан бери иштеп келем. Буга чейин кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштегем.

Милиция кесибин аркалап калышыма байкелерим түрткү болду. Алсак, атамдын иниси, милициянын полковниги Жусупбек Зикиров 1996-2006-жылдары Сокулук РИИБде иштеп, 2022-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Негизи чоң атамдан тараган балдардан бешөөбүз милиция тармагында иштедик. Булардын ичинен 2 агабыз ардактуу эс алууга чыкты. Туугандар чогулуп калган жерден мыйзам, тартип, милиция кесиби тууралуу сүйлөшөбүз. Темабыз бир дегендей», — деди ал.

Эмне себептен жашы жете элек балдар менен иштешип калганын айтып берди.

Пример HTML-страницы

«2019-жылы аталган айылдык милиция бөлүмдө аймактык тескөөчү болуп иштечүмүн. Ошол кезде мал уурулук кылган 3 баланы түнкү саат 3:40та колго түшүргөнбүз. Андан соң, ыкчам кызматына дайындалып, ал жакта 2 жылдан ашык иштедим.

Кийин дагы мал уурулук кылып жаткан жеринен бир топту кармап, аларды РИИБге жеткирдик. Ал жактан кесиптешим экөөбүз жумуш ордубузга кайтып келе жатып, кокусунан жол кырсыгына кабылганбыз. Колум, жамбашым сынып, ооруканага жатып чыккам. Ошол себептен, ден-соолугума байланыштуу жашы жете элек өспүрүмдөр иштери боюнча инспекцияга которулдум.

Үзүрлүү эмгектин арты менен 14 ардак баракча, 1 медаль алдым. Кудайга шүгүр, агаларымдын жолун жолдоп, элиме ак кызмат кылып келе жатам», — деди капитан.

Каарманыбыз жумуш үстүндөгү кызыктуу окуяларынан баяндап берди.

«2017-жылы сентябрда Төмөнкү-Чүй айылында бир окуя болду. Ар бир шейшемби күнү базарда жармаңке болор эле. Ошол шейшемби күнү базардан 1 мас айдоочу 4 кишини сүзүп кетти деген кабар келди. Биз окуя болгон жерге дароо барсак, элдер ызы-чуу, кымгуут түшүп жатышыптыр. Топтолгон жерге чуркап барсак, ал жерде 4 адам жан берген экен. 55 жаштагы мас айдоочуну топтолгон эл ортого алып, сабап жатышыптыр. Биз кесиптешим экөөбүз ортого түшүп, «Баары мыйзам чегинде болуш керек» деп кыйкырып жатып араң алып чыкканбыз. Ал айдоочу кийин 10 жылга камалып кетти.

Дагы бир кызык окуя болду. 1-2 ай өтүп-өтө элек. Бир «йогурт» чыгарган фирма бар. Ошонун айдоочусу, дүкөндөргө товар таратып жүрүп, ээн талаанын боюнан, 102ге чалып, кабар берди. Барсак, колу рулга байлануу экен. «Жолдон бет капчан, тапанчасы бар кишилер токтотуп, тоноп кетишти, фирманын 35 миң сому жок» деп калды. Негизи биздин тажрыйба менен аны тоноп кеткени бизди ынандырган жок. Андыктан териштирүү иштерин ал кыдырып товар тараткан дүкөндөргө барып, сураштыра баштадык. Ошентип отуруп, дүкөндөрдүн биринен ал 35 миң сомду акчалай алып, бир аялга ошол жерден которгону белгилүү болду. Ал жагдайды бетине коюп бергенден кийин, айдоочу аргасыз мойнуна алып, «Балам ооруп жаткан, акча керек болуп, аргасыз ушул жолго бардым» деди. Киши тоноп кетиптир деген кабар түшкөндө райондогу милициянын баары көтөрүлгөн болчубуз да», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️