Милициянын ардагери Тынчтыкбек Онгорбеков менен маек

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну Тынчтыкбек Онгорбеков милицияда 27 жыл иштеген. Милициянын түйшүктүү жумушу тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Тынчтыкбек Онгорбеков 1967-жылы Түп районун Байзак (мурдагы Сан-Таш) айылында төрөлгөн.

«Мен Сан-Таш орто мектебин 1882-жылы аяктап, Советтик армияда Казакстандын Арал шаарында инженердик курулуш боюнча аскердик бөлүк бар эле ошол жакта кызмат өтөдүм. Андан соң 1986-1988-жылдары Ысык-Көл айыл чарба техникумунда окудум. Өз адистигим боюнча 6 ай гана иштедим. Анан совхоздун көрсөтмөсү менен милицияда карантиндик батальон деген болот эле ошол жакка бардым», — дейт ал.

Анын жумуш таржымалы көптөргө кызыгууну жаратат.

«Адистигим мал доктур болгонун айтсам «Кантип милиция болуп калдың?» деп сурагандар көп болот. Ооба, тагдыр насип этип, милицияда 27 жыл иштедим. Карантиндик батальон-эпидемиология чыккан жерди курчоого алып, ал жакта иш жүргүзчү. Ошентип 1992-жылга чейин иштеп, бул кызмат жоюулгандыктан Түп ИИБде айдоочу болуп иштеп баштадым. Анан Түптүн жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүндө иштедим. 1996-2005-жылдары Чолпон-Атада улук нускоочу болуп иштедим. 2005-2013-жылары Ак-Сууда иштеп, жетекчилик кызматта ардактуу эс алууга кеттим», — деди Т.Онгорбеков.

Пример HTML-страницы

Түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү жумушунда эсте калган урунттуу учурларды айтып өттү.

«Биздин жумушта ар кандай кырдаалдар болот. Кылмышка барган баласынан баш тарткан атанын окуясы эсимде. 1994-жылы Караколдогу мейманканада 2 бала 1 кишини өлтүрүп алышып, качышкан. Жолдон таксисти айдатып бара жатып, Михайловка айылына жетип, жолдун жээгине таксисти өлтүрүп, бакка асып кетишкен. Анан Токмокко жетип ал жакта да машина уурдап, качышкан. Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында Токмоктон кармаганбыз. Балдар оюндан от чыгып мейманканадан кишини өлтүрүп алышкан экен. Кармаган учурда бир баланын атасы келди. Ал кезде «Волга 31» деген унааны чоңдор гана айдачу. Жакшы кызматта иштейт экен. «Балам колу менен жасаганын мойну менен тартсын» деп кетип калды. Баласына жан тартат деп ойлогонбуз. Баласы да атасынына таянса керек», — дейт ал.

Кызматта жүрүп, балдарынын кандай чоңойгонун билбей калган милициялар көп.

«Биз иш сапарга кеткен учурду аялдарыбыз да билбей калчу. Кетип жатып, нөөмөт бөлүмүнө же жакын жашаган кесиптешибизге айтып кетчүбүз. Азыркыдай телефон жок да. Жумалап, айлап кеткен учурлар болчу. Үйгө келсек деле жумушка таң атпай кетип, түн ичинде келебиз. Менин 4 кызым бар. Кайсы класста окуганын билбей, сурап калышса жылын эле айтчу элем (күлүп).

Биздин жумушубуздун тынчы жок. Бирок мурда ичип алгандар бизди жолдо бар деп унаа айдашчу эмес. Азыр ичип алып милицияны жөөлөп, телефонго тартып жатышпайбы. Мыйзам күчөгөнү менен жоопкерчиликтүү айдоочулар аз. Анан жол эрежесин да сыйлашпайт. Ошон үчүн жол тыгындары көп болуп жатат», — дейт ал.

Тынчтыкбек Онгорбеков ардактуу эс алууда болсо да коомдук иштерге активдүү катышып келет.

«Мен жетекчилик кызматта пенсияга кеттим. Жаш өсүп келе жаткан кызматкерлерге жол көргөзүп, баардык профилактикалык иштерге катышып, жаш өспүрүмдөр менен жолугушууларды өткөрүп турабыз. Жаш кесиптештериме айтып кетет элем милиция коопсуздукту камсыз кылуу менен гана чектелбейт. Мыйзамдуу өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот. Ал үчүн кылмыштуулукту алдын алуу эң башкы максатыбыз.

Мына, милициянын 100 жылдыгын белгилөө алдында турабыз. Тарыхый учурга туш келген милициянын ардагерлери жана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм. Асманыбыз ачык, мекенибиз тынч болушун каалайм», — дейт Тынчтыкбек Онгорбеков.

Т.Онгорбеков милицияда үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн «Азамат 1,2,3», «Кыргыз милициясына 95 жыл» жана «Отличник ГАИ» төш белгилери менен сыйланган. Ошондой эле Ак-Суу районунун «Эмгек каарманы», «Эл сыймыгы» медалдарынын ээси.

Учурда 4 кыз, 4 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️