«Милициядан качып, такси менен келдим»: Сокулукта аялдын колун кайрып, жыйынга киргизбөөгө аракет кылышкан (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-август күнү Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Уулбүбү Кабылова аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууга киргизбей койгонуна нааразы болду.

«Мен эртең менен эрте биринчи кезек алып сүйлөйүн дегем. Анан эшик алдынан мага “эмне суроо менен келдиң?” деп сурагандарга, “мен ушундай маселе менен келдим” деп жооп берсем эле, эшикке алдап алып чыгышып, унаага сүйрөп салышып, колумду бурап, кылмышкердей мамиле кылышты.

Көчөдө жүргөн кишилерге милиционердин кийимин кийгизип койдуңар беле? Булар милициябы же эмне? Мени РИИБге алып барып, жетекчи Чыңгыз Дүйшөбаевдин иш бөлмөсүнө киргизип коюп, сыртымдан бекитип койгон мамиле туурабы? Булар чыккандан кийин сыртка качып чыгып, такси менен келсем, ушул жерден “келсе, кармагыла” деп киши коюп коюшуптур. Мени сүйрөп алып барып, унаага салганы жаткан жерден АКИпресстин кызматкерлери алып калышты. Булар кылмышкерлерби? Эмне деген көрүнүш? 60тан ашкан мени неберемдей болгон балдар сүйрөп унаага салып жатканы кандай? Булар энеден туулганбы?

8,5 жылдан бери укук коргоо органдарынын айынан чындыкты издеп келем. Менин жолдошум жумуш учурунда кайтыш болгон. Ошондо кырсык иликтөө комиссия барып, жолдошумдун өлүмүн жашырып, жерде өлгөн кишини “бийиктиктен учуп кетти” деп акт түзүп, жасалма документтерге буюртма берип, ошонун негизинде ири суммадагы пара алыш үчүн уюштурушкан.

Ушулардын кылмышын сотко жеткирейин деп, 2019-жылы бардык укук коргоо органдарына жиберилди. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө (РИИБ), финансы полициясында, УКМКда болду. Анан тергөө кызматы келгенде Сокулук прокуратурасына келди. Сокулук районунун прокурору тергөөчүсү менен ушул ишти жашырып, 8 ай кармап жатып, РИИБге түртө салды. РИИБде 2 жыл болду. Эртең менен жумушка кеткендей кетип, кечинде келем. Үйдө 2-топтогу майып кызым бар. Ага эптеп чайын берип, тамагын даярдап коюп, ар кайсы жерди кыдырып жүрөм.

Пример HTML-страницы

Тергөө амалдары жүргөн жок. Эптеп мындан кутулалы деп, бир эле кишиге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деп айып тагып, калган кылмыштарды эч нерсе кылган эмес. Ал жерде топ кылмыш, алдамчылык, документ жасоо, ага катышуу кылмыштары бар. Кырсык иликтөө комиссия Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен иштешет. Ошол өкмөттүн кырсык иликтөө жана каттоого алуу деген токтомун одоно бузуп туруп, актыны түзгөн.

Башкы тергөө башкармалыгынын башчысына улам-улам барып жатсам, баягы күнү “сенин күйөөң өлүп жатса, мен 10 кишини жоопко тартайынбы” дейт. Мен алардын колуна калем жана кагаз берген эмесмин да, жасалма документ кылгыла деп. Жасалма документ жасап, ошого актыны түзүп жатышпайбы. Ошол документтерди актыга колдонуп атышат. Анан эмне үчүн сотко кетпеш керек?» — деди ал.

Сокулук районунун прокурору Калмамат Бекташов бул маселе боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Эже өзү туура айтат, окуя 2016-жылы катталган. Андан бери кылмыш ишин бир канча тергөө органдары жүргүзгөн. Буга чейин 3 адам жоопко тартылып акталган. Мен районго прокурор болуп келгениме 1,5 жылдын жүзү болду. Бүгүнкү күнү тергөө органдары тарабынан иштер жүргүзүлүп, 4 адам жоопко тартылып, кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Учурда соттук кароодо» — деди ал.

Муну менен катар иш-чарага Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов, Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов, Шопоков шаарынын мэри Нурадил Станов, мекеме-түзүмдүн жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️