Милиция менен аскер кызматкерлери кесепеттерди жоюу иштерине көмөк көрсөтүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushМилиция кызматкерлери жана Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызматкерлери сел жүргөн аймактарда кызмат өтөп жатат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 14-июлда нөшөрлүү жаандан кийин Ош шаары аркылуу агып өткөн Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Суу жээктен чыгып, дарыяга жакын жердеги эс алуучу жайларды, турак үйлөрдү жана Ош шаарынын борбордук базарын каптады.

Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жана Мады айыл аймагында сел жүрдү. Анын кесепетинен турак үйлөрдү, айдоо жерлерин, эс алуучу жайларды кыян суу каптады.

Ош ОИИБдин жана Ош ШИИБдин өздүк курамы, ИИМдин Ички аскерлеринин №7703 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери селдин кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүп жатат. Ошондой эле 14-июль күнү милиция кызматкерлери ӨКМ жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздап, жарандарды коопсуз жайга жайгаштырышты.

Пример HTML-страницы

Учурда милиция кызматкерлери жана №7703 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️