Милиция кызматкери Милана Сырманбетова менен сүрөткө түшүү үчүн келгендер да бар

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон сулуу» рубрикасынын кезектеги каарманы — Сокулук РИИБдин кадрлар жана кесиптик даярдык боюнча тобунун улук тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Сырманбетова Милана Осмонбековна. Ал 2022-жылдан бери милиция кызматкери кесибин аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 2000-жылы Талас шаарында жарыкка келгем. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусумун. 2021-жылы милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясынын «юриспруденция» бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктагам. «Эмне үчүн милиция кесибин тандап алдыңыз?» деген суроолор көп берилет. Бул кесипти тандоого эч ким жана эч бир окуя түрткү болгон эмес. Бала кезден бери эли-жериме аз да болсо жардамым тийсе экен деген изги тилегим бар эле. Ошол ой-максатыма милиция кесиби аркылуу жетип жатам десем болот. Кесипти аркалаганыма 2 жыл болсо да, ыраазычылык баракчалары жана ардак грамоталары менен сыйланууга жештиштим. Бул да болсо талыкпай эмгектенип, элге кызмат кылуунун аркасы менен деп ойлойм», — деди ал.

Каарманыбыз формасын кийип, жумушка бара жатканда айрым жарандар аны менен сүрөткө түшүп алууну суранышат.

«Мен көбүнчө кагаз жумуштары менен иш алып барам. Ошол себептен кылмыш-кырсыкка байланыштуу окуяларым азырынча жок. Кызыгы, формамды кийип жумушка жөнөгөнүмдө көчөдө, коомдук транспортто айрым жарандар мага кайрылып калышат. Алар мага карай келе жатышканда «мен милиция тараптан жардам керек болуп жатат окшойт» деп даяр тура калам. Бирок алар мени таң калтырып, сүрөткө чогуу түшүп алууну сунуш кылышат. Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу дегендей, адамдык касиетти жоготпой, жаш муунга үлгү боло турчу, инсандардын катарын толуктагым келет. Үй-бүлө кура элекмин, бирок сүйлөшкөн жигитим бар. Жакын арада баш кошууну ниет кылып жүрөбүз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️