Милиция кошумча күч тартып жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда милиция кызматкерлери кызылча алуу пункттарында коомдук коопсуздукту камсыз кылып жатат.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл Чүй облусунда кызылчанын түшүмү мол болгондуктан кезек күткөн унаалар көп болууда. Чүй облусунда жалпысынан 6 кызылча алуу пункту бар. Алар Кемин, Токмок, Ысык-Ата, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда жайгашкан. Ар бир пункта райондук милиция иштеп жатат.

«Ошондой эле азыркы учурда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан атайын тескеме түзүлдү. Кезек күткөн унаалар өз убагы менен кое берилип, ар кандай түшүнбөстүк жана бейбаштык аракеттер болуп кетпеши үчүн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милициянын көчмө кабылдама унаасы жеринде кызмат алып барууда», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кезекте 80-90 унаа бар.

Пример HTML-страницы

—————————————————————-

Буга чейин Turmush Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарындагы «Кайыңды-Кант» заводуна кезек күткөн жүк ташуучу унаалар көбөйгөнүн жазган.

Күбөлөр унаалар бири-бирине жол бербей жатканын видеого тартып алган.

Ал эми Кайыңды шаарынын мэри Элнур Жумабаевдин айтымында, окуя кечээ, 13-октябрда болгон.

«Бүгүн кезек күтүү өз орду менен кетип жатат. Чынында быйыл жүк ташуучу унаа көп келип жатат, түшүмдүүлүк абдан жакшы. Күнүнө 250 «КамАЗ», тактап айтканда, 4 миң тонна кабыл алып жатышат. Сезон башталгандан бери 60 миң тонна кабыл алынды. Дагы 70 миң тонна алганга план бар экен, андан кийин токтойт окшойт», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️