Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Милиция иш боюнча үн катты

Акыркы жанылыктар

Turmush51 жаштагы аялдын сабалып, зордукталышы боюнча жактоочу Камил Рузиев толук эмес маалымат берген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш иш Камил Рузиев айткандай кылмыштын курамы жок болгондуктан эмес, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар) 13-пунктунун (жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) ушул кодекстин 58-главасына ылайык жана Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинде каралган тартипте жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкенде) негизинде токтотулган.

20-ноябрда жабырлануучу жана шектүү макулдашууга жетип, жабырлануучу тосмо арыз жазган. Мындан тышкары шектүү жабырлануучу тарапка материалдык жана моралдык зыян катары 890 000 сом төлөп берген.

Учурда кылмыш иш Каракол ШИИБдин тергөө кызматынын кабыл алган чечиминин мыйзамдуулугун кароо үчүн Каракол шаардык прокуратурасына өткөрүлдү.

«Белгилеп кетүүчү жагдай, Камил Рузиев жабырлануучу аялдын жактоочу эмес, анын мыйзамдуу өкүлү болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жактоочу Камил Рузиев Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын 51 жаштагы тургуну зордукталганы боюнча иш кылмыштын курамы жок болгодуктан өндүрүштөн кыскартылганын билдирген.

«Бизге маалым болгондой, шектүүнүн жактоочусунун өтүнүчү менен иш токтоптур. Шектүүнүн жакындары буга чейин компенсация үчүн 10 миң доллар берген. Ошол учурда жактоочу доом жок деген өңүттө кагаз жаздырып алыптыр. Ошону менен токтотуп жатышат. Ошол эле учурда жабырлануучуга психикалык басым кылышууда. Учурда жабырлануучунун абалы жакшы эмес, ооруп жатат», — деген Рузиев.

Буга чейин Камил Рузиев жабырлануучу И.Б.нын мыкаачылык менен сабалышы боюнча ишти кароодо зордуктоо фактысы да тастыкталганын билдирген.

Ал кылмышка шектүүнү кошумча кыйноо беренеси менен айыптоо боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз жөнөтүлгөнүн айткан. Ал ошондой эле зордуктоо жана денеге оор залал келтирүү боюнча айыпталган.

И.Б. 25-июль күнү мурда коңшулук мамиледе болгон айылдашы мас абалында ага кол салып, сабап, зордуктаганын билдирген. Жабырлануучу милицияга арыз жазып, шектүү камакка алынган. Бирок райондук сот аны үй камагына чыгарган. Кийинчерээк айыпталуучуну үй камагына чыгарган Ак-Суу райондук сотунун судьясы Абдисалам Мойдунов өз каалоосу менен соттук ыйгарым укуктарды тапшыруу боюнча арыз жазган.

Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын 51 жаштагы тургуну зордукталганын айтканы боюнча маалымат жарыялаган.

2023-жылдын 27-июль күнү Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын 1972-жылы туулган тургуну Б.И.Ө. кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 26-июлунда саат 23:00 чамасында Жылдыз айылы менен Чолпон айлынын ортосунан 1977-жылы туулган Б.Р.Б. «Мазда Трибьют» үлгүсүндөгү унаасына салып, талаага алып барып сабап, андан кийин зордуктап, ошол жактагы чуңкурга таштап кеткенин билдирген.

Аталган арыз Ак-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналына каттоого алынып, алгачкы териштирүү иштери башталган. Шектүүгө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмү (зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен, же аны колдоном деп коркутуу менен, же жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашка баруу) менен кылмыш иши козголгон.

Видеодо жабырлануучу кылмышка шектүү камактан чыгарылганын айтканын угууга болот.

Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүүгө карата баш коргоо чарасын — үй камагын колдонуу чечимин Ак-Суу райондук соту чыгарганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE