Милиция алар боюнча жаңы маалыматты берди

Акыркы жанылыктар

TurmushТоо-Кен ишканасынын 2 кызматкеринин дайынсыз жоголушу боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, алар «Чжунганская горнодобывающая компания» (Чжунган тоо-кен ишканасы) ЖЧКнын жумушчулары болуп эсептелет. Бул жөнүндө тергөө иштеринин жүрүшүндө такталды.

Мурда милицияга «Чандалаш Аурум» ЖЧКнын кызматкерлери экени кабарланган. Бирок иликтөөдө алар башка компаниянын кызматкерлери экени такталды.

«Changan» үлгүсүндөгү пикапта бара жатып дайынсыз жоголгондор — Кытайдын Ли Энбо аттуу жараны жана Ноокат районунун Рахматилла уулу Асадулла. Унаа бир нече күндөн кийин Чаткал суусунан табылган. Анын ичинде жогорудагы 2 адам жок болуп чыккан. Унаанын рулунда Ли Энбол болгон. ахматилла уулу Асадулла компанияда котормочу болуп иштеп жүргөн.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Чжунганская горнодобывающая компания» (Чжунган тоо-кен ишканасы) ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси Цуй Сибо. Ишкана таш көмүр өндүрүү менен алектенет. Компания 2024-жылы 29-мартта кайра каттоодон өткөн. Компания Ош шаарында катталган.

Пример HTML-страницы

Окуя тууралуу:

Буга чейин Turmush Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылынын 26 жаштагы тургуну Асадулла Рахматилла уулу дайынсыз жоголгонун жазган.

Апасы Айзада Султанованын айтымында, уулу Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алтын кенде котормочу болуп иштейт. Ал 2024-жылдын 11-августунда Чаткалга кытай улутундагы кесиптеши менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

«Балам ал ишке киргенине аз эле болгон. «Апа, ал жакта байланыш болбойт, бир жумада бир жолу 2-3 сааттык жол басып келип, байланыш болгон жерден кабарлашам» деп калчу. 11-август күнү кытай улутундагы шериги экөө Чаткалга чыгып кетишкен. Унаанын баратканы Жалал-Абад, Ала-Букадагы видеокамералардан чыгып жатат, бирок Чаткалга жетишкен эмес. Чаткалдагы кытай ишкерлери жазган арыздын негизинде биздин айыл өкмөткө 12-август күнү кабар келиптир. Бирок бизге эч ким айткан эмес. 16-август күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан баламды издеп келишти, ошондо билдик. Учурда ИИМ, ӨКМ издөө жүргүзүүдө, бирок табылбай жатат», — деген Айзада Султанова.

Табылган унаа:

ӨКМ 22-августта дайынсыз жоголгон кызматкерлердин унаасы Чаткал дарыясынан табылганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, 12-август күнү Кытай Республикасынын 1979-жылы туулган Л.Е. аттуу жараны жана Ош облусунун Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну Р. уулу А. пикап унаасы менен дайынсыз болуп, унаанын тетиктери Чаткал суусунан табылган.

«Чаткал РИИБдин башчысынын арызынын негизинде издөө иштери башталган. 20-августта унаа табылып, бирок аты аталган жарандар унаада болгон эмес. Каныш-Кыя айыл аймагынын Курулуш айылынын Кызыл-Бел тилкесинен агып өткөн Чаткал дарыясынан жарандарды издөө иштери улантылып жатат. 22-август саат 9:30га карата издөө иштерине 4 куткаруучу тартылды», — деп айтылган маалыматта.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, 2024-жылдын 15-августунда Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну — Э.Т. аттуу жаран Чаткал районунан телефон аркылуу чалган. Анда 2024-жылдын 12-августунда Чаткал районунда фирмалардын биринде иштеген Кытай Республикасынын 1979-жылы туулган Ли Енбо аттуу жараны жана Ош облусунун Ноокат районун 1998-жылы туулган тургуну — Р.уулу А. аттуу кызматкер кечки саат 20:30 чамасында телефон аркылуу сүйлөшкөндө «Жалал-Абад облусунун аймагынан өтүп бара жатабыз» деген бойдон байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.

Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин алкагында Ли Енбо аттуу жаран жана Р.уулу А. фирмада иштеген кызматкерди «Ош» эл аралык аэропортуна узатып, кайра эле 2024-жылдын 12-август күнү Ош шаарынан Чаткал районуна жолго чыгышканы аныкталган.

Ошодой эле кечки саат 20:30 чамасында Р. уулу А. өзүнүн телефону менен Чаткал районундагы фирмада иштеген кызматкер Э.Т менен байланышкан учурда «Жалал-Абад облусунун аймагынан өтүп бара жаткандыгын» билдирип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы аныкталган.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Чандалаш Аурум» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Хо Менг Сун, түзүүчүсү — Хо Менг Сун. Компания 2024-жылы 16-июлда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: баалуу металлдарды казуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️