Милиционерлер террорчулардын колунан каза тапкан К.Шадыбековду эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен окуясында каза болгон Касым Шадыбеков эскерилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, Баткен РИИБдин өздүк курамы жана Баткен коогалаңынын катышуучулары Баткен окуясынын 24 жылдыгына карата маркум Касым Шадыбековду эскеришти.

Шадыбеков Касым Арзыбекович 1961-жылдын 11-июнунда Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. Ал Баткен РИИБдин Таян айылдык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы кызматында эмгектенген.

1999-жылы түштүк регионунун чек ара аймактарындагы абалды турукташтыруу мезгилинде Баткен районунун Дара айыл аймагынын Зардалы айылына террордук согушкерлер түшкөндүгү боюнча маалымат келген. Баткен РИИБдин 40ка чукул кызматкери Дара айыл аймагына жөнөтүлгөн.

Барган кызматкерлер ар тарапка бөлүнүп, Зардалы айылына милициянын улук лейтенанты Мыктыбек Сатыбалдыев жана милициянын сержанты Касым Шадыбеков постко бөлүнгөн. Арадан 2-3 күн өткөндөн кийин Зардалы айылын террордук согушкерлер тегеректеп курчап, элдин арасынан Касым Шадыбековду милиционер болгондугун билип, барымтага алып кетишкен. Натыйжада Шадыбеков 1999-жылдын 18-августунда террорчулардын колунан каза болгон.

Пример HTML-страницы

Анын артында 2 уул жана 2 кызы калган.

Касым Шадыбековдун аты Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнө коюлуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️