Милиционерди бетке уруп, изин жашырган. Токмокто 30 жаштагы шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарындагы дүкөндөрдүн биринде милиция кызматкери токмоктолду. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, шектүүнүн колунда кастет сыяктуу буюм болгон.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя болгонун тастыктады. Маалыматка караганда, окуя 2024-жылдын 24-июнунда саат 21:40 чамасында Токмок шаарынын Ленин менен С.Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Токмок ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тескөөчүсү, милициянын капитаны О.Б.ны нөөмөт учурунда 30-35 жаштагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адам бетке белгисиз нерсе менен эч бир себепсиз уруп, окуя болгон жерден изин сууткан.

Аталган факт Токмок ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Я.М. аттуу жаран кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️