Милиционер Бектурсун Жандарлиев менен атууга кете турган адамдын окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushАйтматов районунун Кызыл-Адыр айылынын 69 жаштагы тургуну Бектурсун Жандаралиев бир топ жылдар милициянын катарында кызмат кылган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. 1987-жылдан баштап 2000-жылга чейин милицияда иштеген.

«Бир жолу «мурун оор кылмыш кылган адам малчы болуп иштеп жүрүп, бирөөгө мылтык такап коркутуп жатыптыр» деп маалымат келди. Биз участкалык милиция менен шыр эле ошол жакка жөнөдүк. Барсак бир дөңгөлөктүү арабанын артында бирөө жашынып отурат, тиги малчы болсо, улам мылтык менен аны көздөй атып жатыптыр. Аркасынан бардык дагы кыйкырдык. Атып жаткан кезде укпайт. Анан акыры мен өзүмдү тааныштырып, ал тарапты көздөй бастым. Төшүндө арстандын сүрөтү чегилген (татуировка) киши экен. 3 метрдей калган кезде «токто» деди, токтодум. «Нары кара» деди, нары карадым. Ошондо гана азыр атып таштаса эмне болот деп корктум. 1 метрге жетип жетпей, кайрадан токто деди. Анан «Азыр мени атып салсаң, сени тигил жакта толтура мылтык элек кылып салат. Сен дагы өлөсүң, мен дагы өлөм. Эмне пайда? Андан андан көрө жардамым ушул болсун, өзү мылтыкты тапшырды деп жазалы» деп айттым. Анын көзүнөн жаш айланып кетти. «Колуңдан келеби?» деп сурады. Акырын сөз менен алаксытып, мылтыгына асылып калдым. Анан аркамдан чуркап келип, кармап кетишти. Ал кезде эгерде ушундай жорукту мурун оор кылмыш кылган киши кылды десе атууга кетмек. Анан өзүнүн күнөөсүн мойнуна алды. «Мен ушундай сөз бердим эле» деп жетекчиме айтып, тиги кишинин өзү менен дагы сүйлөшүп, өзү куралын тапшырды деп өткөрдүк. Сотто 5 жылга камалып кетти. Кийин ал киши аябай жакшы жашоо курду.

1990-жылы Ош коогалаңы башталды. Бизге «өзүнүн каалоосу менен ким барат?» дешти. Мен антымды бергем деп 5 киши жөнөп кеттик. Кара-Сууга жеттик. Эл топтошуп туруптур, куралдары күрөк, бычак, айры. Бизди тегерете тосуп калышты. Биздин куралдарды алганга аракет кылып башташты. «Унаадан түшкүлө, 3 метр жакын калганда октогула» деп команда бердим. Баарыбыз октоп, 10 метр аралыкты сактагыла деп айттык. «Эмне каалайсыңар?»десем, «артка кайткыла, Ош жакка өтпөгүлө» деди. Куралдарыбызды талаша башташты. Анан биз дагы жакындасанар, эскертип анан атабыз деп айттык. Ортодо элди тынчыткан бир өрт өчүрүүчү жигит бар экен. Ал эл менен ортобузда көпүрө болуп, бизди артка кайтууга уруксат алып, элден куткарып кетти. Биз артка келип, туруп калдык. Жарым саат ичинде баягы бизди куткарган жигитти «сен болбогондо жаңы курал алмакпыз» деп бычак менен сайып өлтүрүп коюшуптур. Аябай ичибиз ооруду.

Андан кийин дагы 1 саат аралыгында Базар-Коргондор 16 кызматкер автобус менен кетип жатканда баарын барымтага алып, куралдарын баарын алып, баарын өлтүрүп коюшуптур. Андан кийин 3 саат аралыгында спецназдын жигиттери барымтаны бошотуп келишти. Биз 15 күн жүрүп абдан кыйын күндөрдү көрүп калдык. Ким душманың экенин билбей күрөшүү абдан кыйын экен. Биз курчоодо калып, алар менен ар кандай сөздөрдү айтышып турганда, үстүбүздөн вертолёт менен улам ички иштер министри Виктор Гончаров өтүп жаткан экен. Ал жердеги абалды көзөмөлдөп турушкан экен. Биздин ошол жерде турганыбыз үчүн, өзүбүздүн каалообуз менен барганыбыз үчүн кийин төш белги беришкен», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле баласы үчүн донор болуп, бөйрөгүн бергенин кошумчалады.

Пример HTML-страницы

«Быйыл 15-майда Түркияда операция болдум. Кичүү уулума бир бөйрөгүмдү бердим. Менин жашымды улгайып калгандыгына байланыштуу бөйрөгүмдү берүүгө уруксат алуу үчүн түрк тараптын министринин макулдугу керек экен. Алар уруксат берип, анан 1 ай мени дарылашты. Жыйынтыгында жашыма карабай, донор болдум. Анан үйгө келсем уулдарым «Ата мына эми чыныгы баатыр болдуңуз, эрдик кылдыңыз» деп күлөт. Учурда уулум экөөбүздө тең баары жакш », — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️