Миң-Токум капчыгайында туристтер көпөлөктөрдүн жашоосунда сейрек учуроочу көрүнүшкө күбө болушту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖайыл районунун Миң-Токум капчыгайында туристтер курт-кумурскалардын жашоосунда сейрек учуроочу көрүнүшкө күбө болушту.

«Ондогон көпөлөктөр абада айланып, жардын боорундагы кичинекей нымдуу жерге конушту. Андан кийин тоонун кызыл топурагын татып көрүп, учуп кетишти. Анан кайра кир көлчүккө кайтып келишти», — деди Александра Парахина.

«Көпөлөктөр бир гана кооз курт-кумурскалар эмес, алар Кыргызстандын экосистемасында маанилүү роль ойноп, өсүмдүктөрдү чаңдаштырат.

Көпөлөктөр видеодогудай ылай көлчүк түрүндө эриген минералдарды алышат. Эркек көпөлөктөр муну көбүрөөк жасашат. Анткени алар сперматозоиддер үчүн минералдарга муктаж болушат. Бул азыктар жупташуу учурунда ургаачыга өтөт. Минералдар анын жумурткаларынын аман калышына көмөктөшөт», — дейт биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️