Пример HTML-страницы

Миң-Булакта аз камсыз болгон үй-бүлөгө айылдаштары музоолуу уй беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын районунун Миң-Булак айыл аймагында «Элден элге» акциясы уланып жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чаранын максаты калктын аярлуу катмарын колдоо болуп саналат. Акциянын алкагында Миң-Булак айылындагы 1979-жылы туулган тургундар аз камсыз болгон үй-бүлөнүн жашоосун жакшыртуу максатындагы музоолуу уй белекке беришти. Кийинки эстафета ушул эле айылдын 1977-жылы туулган тургундарына өткөрүлүп берилди.

«Элден элге» акциясынын алкагында бүгүнкү күнгө чейин аталган айыл аймакка караштуу айылдарда калктын аярлуу катмарына кирген жалпы 14 үй-бүлөгө мал берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE