«Мерседестин» жүргүнчүсү терезеден белине чейин чыгып алган. Айдоочуга айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда автоээнбаштык жасаган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 21-октябрында саат 17:00 чамасында Кара-Суу районунун аймагында Кара-Суу районунун тургуну Х.О. өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен автобейбаштык жасаган. Тактап айтканда, аталган унаанын жүргүнчүсү терезеден белине чейин чыгып алган. Мындан сырткары унаага эч кандай уруксаты жок кошумча жабдык орнотулган.

Кара-Суу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 182-беренесинин (транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) негизинде 20 миң 500 сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️