Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу дүйнө чемпионатына катышат

Кыргыз спорт жанылыктары

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча ардагер балбандары Хорватиядагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш бүгүн, 8-октябрда башталып, 13-октябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан эркин күрөш боюнча спортчулардан 11 балбан катышат.

70 кг

Талант Бегалиев

78 кг

Урмат Мамытов, Максат Оморов, Аржан Туратбеков, Таалайбек Жанаев, Ринат Токтобеков

Пример HTML-страницы

88 кг

Дамирбек Батырбашиев, Эсенбек Байматов, Талгарт Ибрагимов, Роман Сарыбаев

100 кг

Чынарбек Изабеков

Эскерте кетсек, Чынарбек Изабеков Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байгесинин ээси, дүйнө жана Азия чемпиону Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу болуп саналат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️