Мээрим Кожомуратова Европадагы илимий наамдан баш тартып, үй-бүлөнү тандаган

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы – Жети-Өгүз районунун 41 жаштагы тургуну Мээрим Кожомуратова. Ал жашоосу, келиндик доордогу окуялар жана келечектеги максаты тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Мээрим Кожомуратова Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн. 1988-жылы Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарына көчүп келип, мектепте, жогорку окуу жайда билим алган. Ал 5 бир туугандын улуусу.

«Ата-энем университетте мугалимдер. Кесибим боюнча тарых сабагынан мугалиммин. Бирок мектепте иштеген жокмун. Окуумду улантып, Австрия мамлекеттинин борбору Вена шаарындагы университетке тапшырып, докторлук диссертация жактамакмын. Окуйм деп жүрүп турмушка кечирээк чыктым. Эс алууга келип, жолдошум менен таанышып калдым. Докторлук наамды же үй-бүлөнү тандоо убактысы келди. Мен турмуш жолун тандадым. 33 жашымда турмушка чыгып, Жети-Өгүздүн келини болдум. Жыл айланбай кыздуу, андан кийин уулду болдук. Ошентип 3 баланын ата-энеси болуп, түтүн булатып, жашап келе жатабыз. Жолдошум Мирбек менден эки жаш улуу. Абдан түшүнүктүү, иштерман, балага аталык мээримин төгө билген, шайыр адам. Жогорку билимдүү.

Албетте, Европадан кийин дароо эле күйөөгө тийип, анан бала менен 5 жыл үйдө отуруп калуу мен үчүн оор эле болду. Эч кимди жактырбай, урушчаак, таарынчаак, наалыган айымга айланып бара жаткам. Бул учурда жолдошумду да түшүнүгүм келчү эмес. Көрсө, төрөттөн кийинки депрессияга түшүп, психологиялык жактан кыйналып жүрүптүрмүн. Убагында өзүмдү колго алып, өзүн-өзү өнүктүрүүчү курстарга жазылып, китеп окуп, коучтар менен таанышып, бат эле жакшы жакка өзгөрдүм. «Аял каалайт, аалам аткарат» деген чын экен. Азыр Кудайга шүгүр, эмне кааласам баары аткарылып жатат.

Учурда өзүм да коуч болуп, Инстаграмм аркылуу сабактарды өтүп, өзүм колдонгон техникалар менен бөлүшүп, көптөгөн айымдардын жашоосунун жакшырышына себепчи болуп келе жатам. Инстаграм аркылуу кандай гана товар болбосун онлайн сатып, кирешеге чыгуучу жолдорду үйрөтөм», — деди ал.

Мээрим Кожомуратованын айтымында, жолдошу экөө 1-майда баш кошушкан. Туугандарынын көбү май айында үйлөнүүгө болбой турганын айтышып, каршы чыгышкан.

Пример HTML-страницы

«Биз Кудайдын ар бир күнү жакшы деп болбой койгонбуз. Жаңы үйлөнгөндө Бишкек шаарында батирде жашачубуз. Боюмда бар болчу, 5 ай болуп калган. Таңга маал саат 6да ойгонуп алып, көзүмдү ачып жатсам, чоң, кыпкызыл болгон жөргөмүш так мурдумдун учунан чуркап өттү. Узундугу бармактай бар. Негизи эле курт-кумурскаларды жаман көрөм. Итиркейим келип, корком. Кыйкырып эле тура калдым. Жолдошум да тура калып, мени кучактап, «бул түш, баары жакшы болот» деп жоошутуп баштады. Мен жөргөмүш десем да түшүнбөйт. Бир аздан кийин төшөктө жөргөмүш жүргөнүн түшүндүрдүм. Ал менден бешбетер шок, артынан кубалап жүрүп, өлтүрдү. Эртеси дароо терезеге торчо салдырттык. Жолдошум мен үчүн баарына даяр экенине көзүм жеткен. Азыр жөргөмүш көрсөк эле күлүп калабыз», — деди ал.

Жеңеке миллионер болуп, Forbes журналына чыгууну кыялданат.

«Бош убактым жокко эсе. Таңкы саат беште туруп, намаз окуп, саат 6:00-7:00гө чейин курстарды өтүп, үй оокат, кайра курска даярдануу менен алекмин. Өзүм да тынбай улам бир устаттан билим алып турам. Китеп окуганды жакшы көрөм. Учурда Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасын немец тилинде окуп жатам.Жаш жубайларга «Сүйүүнүн беш тили» китебин окуңуздар демекчимин. Эркек кишиге баарын туура, так айтып турмайын көп нерсени түшүнбөйт экен. Көп нерсени милдет катары кабыл алышат. Ал эми айымдар романтикага жакын келебиз. Күйөөбүзгө тамак жасап бергенде мактасын, рахмат айтсын деп күтөбүз. Аны күнүмдүк милдет катары кабыл алып, унчукпай койсо, таарынуу келип чыгат экен. Анын артынан көңүл калуулар болот. Эркектер чечкиндүү жана жоопкерчиликтүү болушса баары жайында болот.

Ал эми алдыга койгон чоң максатым, кыргыздан чыккан онлайн бизнестеги миллионер болуп, Forbes журналына чыксам деген каалоом бар. Келечекте көптөгөн айымдарга билим бергип, элге кызмат өтөп, из калтыргым келет», — деди ал.

  • Коуч — кесиптик жана жеке максаттарга жетүүдө жардам берген адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️