Пример HTML-страницы

Медициналык колледждин 50 жаштагы студенти Любовь Лебедеванын баяны

Акыркы жанылыктар

Turmush50 жаштагы Любовь Лебедева Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы медициналык колледжде 2-курста окуп жатат. Ал — окуу жайдагы эң улуу студент.

Л.Лебедева 1973-жылы Россияда туулган. 1975-жылы ата-энеси менен чогуу Жайыл районунун Сосновка айылына көчүп келген. 9-классты аяктагандан кийин медициналык училищага тапшырып, бирок биология сабагынан сынактан өтпөй калган. Ал Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик окуу жайга тапшырып, тигүүчү кесибине ээ болуп, Кара-Балта килем заводунда ишкана жабылганга чейин иштеген.

«Килем комбинатта кызматкерлерге жакшы маяна төлөнчү. Бирок кийинчерээк өндүрүш токтоп, ошондуктан жеке цехтерде иштеп баштадым. Турмушка чыгып, балалуу болдум. Ким болгум келгенимди түшүнгөнгө чейин көп жерде иштедим», — деди ал.

Лебедева дайыма медицина кызматкери болууну кыялданчу. Бирок бул кыялын ишке ашыра албай келген. Эми балдары чоңойгондо кыялын орундатып, саламаттыкты сактоо тармагына салым кошууну чечти.

«30 жылдык эмгек стажым, 4 балам бар. Тигүүчүлөргө эмгек акы жакшы төлөнөт, бирок жашоомдо бир нерсе жетпей жаткандай боло берчү. Бир күнү окуу жайга тапшырып, окуучу чечтим. Туугандарым мен студент болгондон кийин гана көздөгөнүмө ишеништи. Эми бул жогору жактан берилген белги экенин түшүнүп отурам. Медицина кызматкери болууну, эгер ал болбой калса, мугалим болууну кыялданчумун. Кара-Балтадагы лицейлерде окуу акысы канча экенин сурап, билип баштадым. Үй-бүлөлүк бюджетибизде ашыкча акча деле жок болчу. Медициналык училищада 1 жылдык окуу акысы 22 миң сом, ал эми педагогикалык окуу жайда 4 миң сом. Алгач педагогикалык училищага бардым, 1 жылдан кийин медколледждин акушердик иш факультетине документ тапшырдым. Россиядагы сиңдиме телефон чалып, контракт төлөп берүүнү сурандым. Эми 2-курста окуп жатам», — деди ал.

Колледжде окугандар жана муглимдер Любовь Лебедевага көнүп калышса, ата-энелер жана окуу жайдын башка коноктору аны мугалим катары кабыл алышат. Анын айтымында, жашы окуусуна тоскоол болбойт, тескерисинче ар бир сабакка даярданууга, сабакты калтырбай барууга өбөлгө болот.

«Окуу кызыктуу. Медицина, өзгөчө акушердик иш — оор илим. Медицинаны кийим тигүүгө салыштырам. Мисалы, юбка тиктим, карасам тигиши туура эмес, аны оңдосо болот. Ал эми медицинада ката кетирүүгө мүмкүн эмес, башка бирөөнүнүн жашоосу жана ден соолугу үчүн жооптуу болосуң. Муну түшүнүп, сабактарды жакшы окуйм», — деди ал.

Лебедева жаш студенттерге үлгү болуп, окуу процессине активдүү катышып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE