Пример HTML-страницы

Медайым Жылдыз Мокеева Ат-Башыдагы 834 адамдын ден соолугун көзөмөлдөп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Ак-Жар айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медайымы Жылдыз Мокеева 33 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет.

Жылдыз Мокеева 1972-жылы 22-апрелде Ат-Башы районунда медиктердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы өмүр бою Ат-Башы районунда терапевт-дарыгер, апасы балдар бөлүмүндө медайым болуп эмгектенген. Өзү 1989-жылы Ат-Башы районундагы Акматаалы Карыбек уулу атындагы мектебин аяктап, андан соң Нарын шаарындагы медициналык окуу жайын бүтүргөн.

«33 жылдан бери Ак-Жар айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда аймактык медайым болуп эмгектенип келе жатам. Менин аймагыма тиешелүү 834 адамды тейлейм. Жалпы 139 түтүн бар. Баладан баштап карыган кишиге чейин тейлейбиз. Менде 34 бала эмдөөдөн өттү. Эмдөөнүн аягына чыгып келе жатабыз.

Бурул Жапаровна деген бир гана дарыгер бар, 3500 адамды жалгыз тейлейт. Эжебиз эмгекчил, баарыбызга бирдей мамиле жасайт. 3 медайым иштейт. Баары жакшы, ынтымакта эмгектенип келишет.

33 жылдан бери бул жумуштун ачуусун дагы, татуусун дагы көрдүм. Жакшысы дагы, жаманы дагы болду. Учурда Ат-Башыда жашайм. Ошол айылдан Ак-Жар айылына каттап иштейм. Эртең менен жумушка келе жатканда, төрөй элек аялдарды, эмдөө ала элек балдарды, ооруп жаткан адамдарды ойлонуп келебиз. Келгенде эле биринчи тазалык жагын карап, эки жакты иреттеп, андан кийин даяр болуп отуруп калабыз. Саат 09:00до электрондук түрдө кабыл алуу башталат», — деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөлүү, 1 уул, 3 кызы бар. Улуу кызы Асел Ак-Талаа районундагы лабораторияда дарыгер болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE