Пример HTML-страницы

Машыгууга келген ысык-көлдүк каратисттер күтүлбөгөн окуяга туш болушту (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-май күнү Каракол шаардык кеңешинин 43-сессиясында калаадагы каратисттер эл өкүлдөрүнө кайрылышты.

Стадиондун имаратында жайгашкан алардын машыгуу залы да бузулуп жатканын айтышты. Анда спортчуларды капа кылганы, спорттук буюм-тайымдарын жыйнай электе бузуу иштери жүргүзүзүп жатканын айтышты.

Машыктыруучу Акысбек Өмүрбековдун айтымында, ал залда 2 жыл мурун оңдоп-түзөө иштери (1 млн 600 миң сом акча каражаты жумшалган) жүргөн. Учурда 100дөн ашык спортчуну 3 машыктыруучу машыктырып келет.

Анда өлкө жана Азия чемпионатынын чемпиондору, призерлору жана спорт чеберлери чыккан. Алардын арасында Азия оюндарында коло медаль алып келген Кымбат Тойтонова да бар. Мындан улам спортчулар башка машыгуу залын таап берүүнү суранышты.

Эл өкүлдөрү жана шаар жетекчилиги спортчуларга шаарда курулуп жаткан залдардан жаңы машыгуу ордун беришерин, жайкы каникул маалында бош спорт залдардын бирине убактылуу жайгаштырышарын убадалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE