Пример HTML-страницы

Мария Андашова студент кызын алып келүүгө кетип, кайтпай калган инисин эскерди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондор эскерилди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара Топурак-Бел ашуусундагы «Энелердин көз жашы» эстелигинде уюштурулду. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, окуяда жабыркаган жана курман болгондордун жакындары катышып, каргашада көз жумгандардын элесине арналып куран окулду.

Кандуу окуяда базар-коргондук Мария Андашованын бир тууган иниси Абдулхашим Мамарасулов да каза болгон. Ал кезде маркум 43 жашта болчу. Иниси Жалал-Абадда окуган кызын алып келүү үчүн кетип, үйүнө кайтпай калган.

«14 жыл мурун ушул күндөрү бир тууган иним Абдулхашим коогалаң тууралуу сыналгыдан көрүп, Жалал-Абадда 1-курста окуп жаткан кызын алып кетүү үчүн келип, кызы менен бирге окуган 3 кызды алып кетип жатып, жаалданган топ унаага өрт коюп, 6 кишинин ичинен иним каза болуп калды. Калгандар да денесинен күйүк алып, жапа чегишти. Билинбей убакыт өтүп кете берет экен. Азыр ошол студент кыз турмушка чыгып, үй-бүлө күттү. Иним каза болгондо 5 жаштагы кичүү уулу студент болду. Бирок мени тынчсыздантканы ошол эки элдин арасына бүлүк салган топтун жазаланбай жүргөнү. Мамлекет ошол кишилерди таап, ушунча адамдын өмүрүн алганы үчүн жаза чегерип берсе болмок», — деди ал.

2010-жылдын 12-14-июнь күндөрү болуп өткөн окуяларда Жалал-Абад облусунда жалпы 592 адам жабыр тарткан. Анын ичинен 82 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголгон.

Мамлекет тарабынан окуяда каза болгондордун жакындарына, ден соолугунан жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү максатында Жалал-Абад шаарында 60 батирлүү көп кабаттуу үй куруу тапшырылган. Ага катар Базар-Коргон районундагы 5 үй-бүлө турак жай менен камсыздалган. Облуста окуяга байланыштуу 119 адамдын үстүнөн иш козголгон. Анын ичинен 96 адам боюнча 39 кылмыш иши каралган жана күнөөлүү деп табылып, 3 жылдан 5 жылга чейин, 2 жаран өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE