Манас районунун акиминин орун басарына сөгүш берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-июль күнү Талас облусунда жарым жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өтүп, 2 акимдин орун басарларына эскертүү берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча облус аймагында 2 окуу жылы катары менен төмөн көрсөткүчкө ээ болгону үчүн Манас районунун акиминин орун басары Азия Батыркуловага сөгүш берилди.

Манас районунун акими Досмамбет Жээнбековдун айтымында, район ЖРТ боюнча көрсөткүчтө республика боюнча 26-орунду алды.

«Былтыркы окуу жылында Манас району ЖРТ боюнча орто көрсөткүч 114,5 балл болгон. Анда республика боюнча 50- орунда турганбыз. Быйыл ЖТРнын орточо көрсөткүчү 125 балл болду. Былтыркыдан 10,5 жарым баллга көбөйдү. Быйыл республикада 26-орун болдук», — деди аким.

Жыйындын жүрүшүндө президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардаңов «Чалдыбар» жатак интернатына байланыштуу чыккан пикир келишпестике түшүндүрүү иштерин жүргүзгүзбөгөнү үчүн Бакай-Ата районунун акиминин орун басары Эшим Качиевге эскертүү берди.

Пример HTML-страницы

«Чалдыбар» жатак интернаты боюнча туура түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмессиз. Ал жерде тургундар «биздин үй» деп айтып жатышат. Ал жер эч кимдин үйү эмес, ал мамлекеттики. Алардын үйүн барып эч ким бузган жок, турат алардын үйү. Мыйзамдуу түрдө 2 билим берүү мекемеси биригип жатат. Алар мамлекеттик администрацияга чейин барып жатышат. Сиз жеринде түшүндүрүү иштерин алып бара алган жоксуз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️