Манас районундагы дүкөндөрдө сатууга тыюу салынган суусундук табылган жок

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районундагы дүкөндөрдө сатууга тыюу салынган суусундук дүкөндөрдө табылган жок. Бул тууралуу Манас райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Айгерим Мейманбекова билдирди.

«Бизге Афганистанда жасалган «Золотая жизнь» деген суусундукту сатууга тыюу салуу боюнча буйрук келген. Биз Манас районундагы 100дөн ашык дүкөн, кафе, эс алуу жайларына чейин текшердик. Бирок бир дагы жерде бул суусундук сатылганы катталган жок. Башка Ирандан чыккан ушул сыяктуу суусундук бар экен. Бирок бизге көрсөтүлгөн суусундук район аймагында сатыкка чыкпаганын аныктадык», — деди ал.

Таласта Афганистанда чыгарылган «Золотая жизнь» шире суусундугу сатыктан алынып жатат. Бул тууралуу Талас облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул товар атайын буйруктун негизинде сатыктан алынып, тиешелүү актылар түзүлүүдө.

«Бул калктын, өзгөчө жаш балдардын саламаттыгы үчүн болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Таласта Афганистанда чыгарылган «Золотая жизнь» шире суусундугу сатыктан алынып жатканы белгилүү болгон.

Ош шаарында дагы соода түйүндөрүндө «Золотая жизнь» аталышындагы газдалган анар суусундугу сатуудан алынып жатканын кабарланган. Анткени лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Афганистандан чыгарылган аталган суусундук балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген «азорубин Е 122» боёгун камтыйт деп табылган.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында аталган суусундукту сатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Чүй облусундагы дүкөндөрдө «Золотая жизнь» суусундугу сатыктан алынып баштады.

Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларында жана Лейлек районунун Кулунду айылындагы дүкөндөрдө «Золотая жизнь» шире суусундугу сатыктан алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️