Пример HTML-страницы

Манас районундагы чек арачылар сыйланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 28-май Чек ара кызматынын кесиптик күнүнө жана Кыргызстандын чек ара кызматынын 25 жылдык мааракесине карата Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан чек ара бекетинде салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын жүрүшүндө аким Досмамбет Жээнбеков катышып аскердик кызматынөтөп жаткан жоокерлерди жана чек ара заставасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, аскердик милдетке даярдоого кошкон зор салымдары үчүн татыктуу кызматкерлерге ардак грамоталарды тапшырды.

Өз кезегинде УКМКнын Талас облусунун Чек ара кызматынын ардагерлер кеңеши тарабынан куралдуу күчтөрдүн ардагерлери менен тыгыз иш алып баргандыгы үчүн акимдин өзүнө да ардак грамота менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE