Манас районундагы автомектептин унааларына 42 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунда автомектептин 3 унаасына 42 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, «Үйрөтүүчү транспорт каражаты» рейддин алкагында «Эталон» автомектебинин унаалары текшерилип, тиешелүү уруксаттары жок кошумча жабдыктарды орнотуп алгандыктан жана унааларын камсыздандыруудан өткөрбөгөндүктөн 3 унаасына протоколдор түзүлүп, 42 миң 500 сом айып пул салынды. Аталган унаалар айып унаа короого киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️