Пример HTML-страницы

Манас районундагы 3 тургун 2,1 млн сомго алданган. Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун милициясы ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Манас РИИБге 3 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 2024-жылдын 28-январында саат 16:00 чамасында А. аттуу жаран ишеничине кирип, 22 баш кара малын жалпы 1 200 000 сомго баалап алып, 10 күндүн ичинде акчасын берем деп, бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып, акчасын бербей жаткандыгын билдирген.

Экинчи жаран А. аттуу жаран ишеничине кирип, 65 баш козусун 13 000 сомдон, жалпы 845 000 сомго баалап алып, бирок акчасын бербей, качып жүргөнүн айткан.

Үчүнчү жаран 2024-жылдын январь айында Айтматов районунда жайгашкан мал базарга өзүн А. деп тааныштырган жаран келип, 18 баш козу-кочкорлорун жалпы 261 000 сомго баалап, ошол жерден 161 000 сом акчасын берип, калган 100 000 сомун ушул күнгө чейин бербей, качып жүргөнүн билдирген.

Натыйжада арыз ээлери жалпы 2 145 000 сомдук материалдык чыгымга учурушкан.

Аталган фактылар Манас РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну А.А. Ош облусунун Кара-Суу районунан кармалган.

Ал Талас облусуна алынып келип, Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А.А. Талас облусунан мал сатып алып, өлкө аймагындагы мал базарларга алып барып, сатып жүргөндүгү такталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE