Пример HTML-страницы

Манас районунда жогорку упай алган 3 бүтүрүүчүгө 100 сомдон акча тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-июнь күнү Манас районунда 2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө мектеп ичинде эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү.

Маалым болгондой, сыйлоо иш-чарасында алдыңкы бүтүрүүчүлөр, алардын ата-энелери, мектеп директорлору, класс жетекчилер чакыртылды.

1. С.Дуйшенбиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ыкышова Каныкей Анарбековнага «Алтын тамга» тестирлөөсүн тастыктагандыгы жана ЖРТдан райондон 191 балл алгандыгы үчүн 100 миң сом, мектеп директоруна 20 миң сом, класс жетекчисине 20 миң сом тапшырылды;

2. «Улукман» жатак-лицейинин бүтүрүүчүсү Рысбекова Бермет Рысбековнага ЖРТдан райондон 196 балл алгандыгы үчүн 100 миң сом, мектеп директоруна 20 миң сом, класс жетекчисине 20 миң сом тапшырылды;

3. «Улукман» жатак-лицейинин бүтүрүүчүсү Амангелдиев Рамир Нуржигитовичке ЖРТдан райондон 192 балл алгандыгы үчүн 100 миң сом, мектеп директоруна 20 миң сом, класс жетекчисине 20 миң сом тапшырылды;

4. Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебинин мурдагы жылдын бүтүрүүчүсү ЖРТдан райондон жогорку 220 балл алгандыгы үчүн 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Буга чейин Билим берүү министрлиги 2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 56 бүтүрүүчү жогорку упайларды топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушканын кабарлаган.

Эң жогорку 234 упайды 3 бүтүрүүчү алган. Алар:

— Аминат Гордаева — Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү;

— Максат Оморов — Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү;

— Эльнура Эркинбекова — Талас облусундагы «Мээрим» эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү.

«Алтын сертификат» алгандардын аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE