Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Манас районунда жарандык жана санариптик билим берүү бөлүмү ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-сентябрь күнү Манас районунун Покровка айылындагы Улукман жатак лицейинде жарандык жана санариптик билим берүү бөлүмү ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага айылдык кеңештердин төрагалары, айыл өкмөт башчылары жана жарандык коомдун активисттери катышты.

Аталган борбор жарандардын, шайлоочулардын укуктук маданиятын көтөрүү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессин катышуучуларын окутуу жаатындагы иштерди уюштуруу жана камсыз кылуу максатында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду. Мекеме 20 ноутбук жана 4 сыналгы менен камсыз болду.

Ошондой эле аталган борбордо жалпы эле райондун жарандарынын компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу максатында иштер жүргүзүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE