Манас районунда Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлерди эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 26-октябрда Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылындагы «Афган-интернационал» сейил багында Баткен коогалаңында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара каза болгондордун элесине арналып гүлчамбарлар коюлуп, курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң район акими Досманбет Жээнбеков 1999-2000-жылдары жана 2022-жылда болуп өткөн коогалаңдарда каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Баткен окуяларында аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасынын экинчи бөлүгү райондук маданият бөлүмүндө улантылып, 1999-2000-жылдары Баткен облусунун аймагындагы эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жоюу жана жок кылуу боюнча күжүрмөн иш-чараларда аскердик милдеттерин аткарган жоокерлер Манас райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы жана акчалай белектер менен сыйланышты. Райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Ушул эле күнү Семетей айыл өкмөтү тарабынан Бала-Саруу айылынын кулуну, Баткен окуясында каза болгон Чыңгыз Акчаловдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча спорттук турнир өткөрүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 10-августунда Үч-Коргон айылынын тургуну, Баткен коогалаңында каза болгон Бактияр уулу Рамазандын жаркын элесине арналган футбол боюнча облустук турнир уюштурулган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️