Пример HTML-страницы

Манас районунда арпа жыйноо иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунда арпа жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Тиккен күздүк арпабыз жакшы болуп, ар гектарынан 4 тоннадан айланып жатат. Жерге азык берип, 3 ирет сугарганбыз. Анын үстүнө быйылкы жаз жаанчыл болуп, арпа буудайын өсүшүнө жагымдуу болду», — деди алар.

Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы Мукталы Дүйшебаевдин айтымында, бул айыл Казакстанга чектеш жайгашып, жайы ысык келгендиктен Талас облусу боюнча дан дыйноо иштери эң биринчи ушул аймакта башталат.

«Бүгүнкү күндө 40 гектардан ашык арпа чабылып калды. 5 комбайн иштеп жатат. Биз чабык иштеринин алдында дыйкандар жана техника ээлери менен чогуу сүйлөшкөнбүз. Механизаторлор 1 гектар эгинди 20 литр соляркага жана 2700 сомго чабууда. Бул эки тарапка тең ыңгайлуу баа. Биз тез-тез иштеп, ушул айдын аягына чейин тегиз жыйнап бүтүшүбүз керек», — деди ал.

Манас району боюнча кылкандуу дан эгиндеринин аянты 3 миң 100 гектарды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE